Конкурс 2025
Кыргыз тили жана география — эксперттер, методисттер жана предметтик координаторлор
Ачык конкурс 2026
Кыргыз тили жана география боюнча эксперттерди, методисттерди жана предметтик координаторлорду тандоо боюнча ачык сынак.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемеси кыргыз тили жана география предметтери боюнча окуу-методикалык материалдарды иштеп чыгуу, талдоо, экспертизалоо жана методикалык жактан коштоо иштерине катышуу үчүн адистерди тандоо боюнча ачык сынак жарыялайт.
Сынак төмөнкү позициялар боюнча өткөрүлөт:
PDF документ
Жүктөп алуу жана карап чыгуу үчүн документ.
Авторлор
Позициялар
- Окуу программалары боюнча эксперт
- Компетенттүүлүккө негизделген билим берүү боюнча эксперт
- Предметтик эксперт
- Инклюзивдик билим берүү боюнча эксперт
- Гендердик эксперт
- Методист
- Аналитик/изилдөөчү
- Предметтик координатор — кыргыз тили предмети боюнча
- Предметтик координатор — география предмети боюнча
Талапкерлерге коюлуучу жалпы талаптар
- тиешелүү багыт боюнча жогорку кесиптик билими бар
- билим берүү, илимий-методикалык, аналитикалык, изилдөөчүлүк же эксперттик ишмердик боюнча тажрыйбасы бар
- мамлекеттик билим берүү стандарттары, окуу программалары, предметтик стандарттар жана компетенттүүлүккө негизделген окутуу боюнча түшүнүгү бар
- окуу китептерин, окуу-методикалык комплекстерди, методикалык колдонмолорду же билим берүү материалдарын иштеп чыгуу, талдоо же экспертизалоо тажрыйбасы артыкчылык катары каралат
- кыргыз жана/же орус тилдеринде сапаттуу текст даярдоо, талдоо жана корутунду берүү көндүмүнө ээ
- команда менен иштөөгө, белгиленген мөөнөттөрдү сактоого жана тапшырмаларды жоопкерчилик менен аткарууга даяр
Негизги милдеттер
- окуу программаларын, предметтик стандарттарды жана окуу материалдарын талдоо
- жаңы муундагы окуу китептеринин мазмундук, методикалык жана дидактикалык сапатына баа берүү
- компетенттүүлүккө негизделген окутуу, функционалдык сабаттуулук жана заманбап педагогикалык ыкмалар боюнча сунуштарды иштеп чыгуу
- предметтик мазмундун илимий тактыгын, жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайыктуулугун жана окуу максаттарына шайкештигин карап чыгуу
- инклюзивдик билим берүү, гендердик теңчилик жана дискриминацияга жол бербөө принциптерине ылайык талдоо жүргүзүү
- авторлор, методисттер, редакторлор жана башка адистер менен биргеликте иш алып баруу
- аналитикалык маалымкаттарды, эксперттик корутундуларды жана сунуштарды даярдоо
